кызматы

Үн чалууларынын жаңы деңгээли.
Кыргызстандын аймагында алгачкы жолу!

VoLTE деген эмне?

VoLTE, же Voice over LTE — 4G түйүнү аркылуу чалуу аткарууга мүмкүнчүлүк түзгөн жаңы муундагы үн байланышы. Ачык, таза үн менен заматта чалып байланышуу технологиясы.

VoLTE байланышын кантип колдонууга болот?

  • Смартфонуңуз VoLTE технологиясын колдой турганын текшерип алыңыз жана операциялык системаны эң акыркы версияга чейин жаңылаңыз.
  • SIM-картаңыз 4G- түйүнүн колдой тургандыгын текшериңиз.
  • Смартфонуңуздун тескөөлөрүнөн 4G’ни жана VoLTE’ни ишке киргизиңиз.
  • LTE (4G) камтуу аймагында экендигиңизди текшерип алыңыз.

4G LTE түйүнүн активдештирүү

*460 кыска номерине чалуу же 460 номерине каалагандай SMS жөнөтүү

Түзмөктүн тескөөлөрүндө түйүн режимин автоматтык тандоону коюп алыңыз

• iOS: Тескөөлөргө кирүү → Уюлдук байланыш → Берилиштер параметрлери → Үн жана берилиштер → LTE режимин тандоо.

• Android: Тескөөлөргө кирүү → Мобилдик түйүн же Мобилдик түйүндөр жана SIM карталар → SIM карталардын тескөөлөрү → Сиздин SIM картаңыз → Авто режимди тандоо (2G, 3G, LTE). Тандагандан кийин Тандоодон кийин мобилдик интернетти активдештирүү. Экрандын жогорку бөлүгүндө 4G же LTE белгиси пайда болушу керек.

VoLTE түйүнүн активдештирүү?

«Кошуу үчүн *260*1# буйруусун терүү же *260 кыска номерине чалуу, же болбосо 260 номерине «1» саны менен SMS жөнөтүү керек.»

  • VoLTE
  • VoLTE деген эмне?
  • iOS түзмөгүндө кызматты кантип активдештирүүгө болот?
  • Android түзмөгүндө кызматты кантип активдештирүүгө болот?
  • VoLTE кандай шарттарда иштейт?
  • Эмне үчүн VoLTE смартфондо иштебей койду?
  • Чектөөлөр
VoLTE

Кызмат LTE (4G) топтомдук түйүнү аркылуу үн берүү технологияларын колдонуу менен чалууларды аткарууга мүмкүнчүлүк түзөт. 4G жана 2G/3G ортосунда үн берүү каналдарынын которулуусу абонентке сезилбестен, автоматтык түрдө ишке ашат.

Кызматтын алкагында VoLTE менен абоненттердин ортосунда чалуу учурунда тез туташууну (1⁠–⁠2 секундада) жана 2G/3G жана 4G түйүндөрүнүн ортосунда чалууларды “кынтыксыз” которулуусун камсыз кылат.

Кошуу наркы — 0 сом.

VoLTE деген эмне?

VoLTE — 4G (LTE) түйүнү аркылуу чалуу аткарууну шарттаган жаңы муундагы үн байланышы.

4G-түйүнүндө кадимки үн чалуу аткаруу учурунда, смартфон убактылуу 2G же 3G байланыш стандарттарына которулуп, ал эми чалуу аяктагандан кийин 4Gге кайтуусу керек. VoLTE технологиясы чалууларды байланыш стандарттарын алмаштырбастан аткарууга мүмкүнчүлүк берет жана бул бир катар кошумча артыкчылыктарды ачат:

— Чалуу учурунда да мобилдик интернетти колдонуу мүмкүнчүлүгү;
— Смартфондун батареясынын кубатын үнөмдөө (байланыш стандарттарын тез-тез алмаштырган учурда батарея кубаты тез азаят);
— Мурдагыдан да сапаттуу үн байланышы;
— VoLTE аркылуу эки абоненттин ортосунда чалуу аткаруу учурунда абдан тез − 1-2 секунданын ичинде туташтыруу.

VoLTE чалуулары сиздин тарифиңиздин мүнөттөр топтомун сарптайт, ал эми Интернет-топтом сарпталбайт.

VoLTE'ни колдогон түзмөктөр – тизме

VoLTE аркылуу чалууларды аткаруу үчүн, сиздин түзмөгүңүздүн MEGA түйүнүндө бул технологияны колдоосу талап кылат.

Аталган технологияны колдонуу жеткиликтүү болгон түзмөктөрдүн моделдик катары кеңейет.

Биз VoLTEнин көрсөтүлгөн моделдерде гана, жана да MEGA Кыргызстан түйүнү үчүн иштелип чыккан программасы (прошивка) болгон шартта иштей тургандыгына кепилдик бере алабыз.

iOS түзмөгүндө кызматты кантип активдештирүүгө болот?

iOS операциялык системасы менен түзмөктөр үчүн төмөнкү шарттар аткарылышы керек:

— түзмөк MEGA түйүнүндө VoLTE технологиясын колдойт — эгерде түзмөктүн модели VoLTE технологиясын колдогон түзмөктөрдүн тизмесинде болсо, VoLTE тескөөлөрдө пайда болушу үчүн өндүрүүчүнүн акыркы жаңылоосун орнотуу керек;
— SIM-карта LTEни колдойт;
— сиз тескөөлөрдө VoLTE технологиясын ишке киргиздиңиз (Тескөөлөр-⁠-⁠> Уюлдук байланыш-⁠-⁠> Берилиштер параметрлери -⁠-⁠> Үн жана берилиштер -⁠-⁠> VoLTE тумблери активдештирилген абалга которулду).

Android түзмөгүндө кызматты кантип активдештирүүгө болот?

Кызмат Android операциялык системасы менен түзмөктөрдө төмөнкү шарттарда автоматтык түрдө кошулат:

— түзмөк MEGA түйүнүндө VoLTE технологиясын колдойт — эгерде телефон модели VoLTE технологиясын колдогон түзмөктөрдүн тизмесинде болсо, VoLTE тескөөлөрдө пайда болушу үчүн өндүрүүчүнүн акыркы жаңылоосун орнотуу керек;
— SIM-карта LTEни колдойт;
— сиз тескөөлөрдө VoLTE технологиясын ишке киргиздиңиз (Тескөөлөр-⁠-⁠> Мобилдик түйүн -⁠-⁠> Берилиштер параметрлери -⁠-⁠> Мобилдик интернет -⁠-⁠> VoLTE чалуулары активдештирилген абалда).

VoLTE кандай шарттарда иштейт?

— Абонент LTE (4G) түйүнүнүн камтуу аймагында болгон учурда;
— SIM-карта LTE-түйүнүн колдогон учурда;
— Абоненттик түзмөк VoLTE түйүнүн колдойт жана анда MEGA Кыргызстан түйүнү үчүн иштелип чыккан программасы (прошивка) бар.
— Сиз жашаган аймакта VoLTE технологиясы жеткиликтүү.
— VoLTE технологиясы жеткиликтүү болгон аймактасыз.

Эмне үчүн VoLTE смартфондо иштебей койду?

Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн бардык кадамдарды аткаргандан кийин, VoLTE кызматы Сиздин телефонуңузда иштебесе, анда телефондун өндүрүүчүсү тарабынан MEGA Кыргызстан түйүнү үчүн иштелип чыккан кезектеги жаңылоону күтүшүңүз керек. Же көйгөйүңүздү кененирээк карап чыгуу үчүн *500 (акысыз колдоо) жана *505 (Байланыш борборунун акы төлөнүүчү линиясы) телефондору боюнча колдоо кызматына кайрылыңыз.

Чектөөлөр

VoLTE сервиси Salam брендинин, «МегаБит» ТП, «Чектөөсүз 4G» тарифтик пландар түркүмү, «Wi-Fi роутер», «Ылдам интернет», «Акылдуу тузмөк», «Үй интернети» жана SIP, М2М тарифтик пландарынан тышкары калган бардык коммерциялык тарифтик пландарда жеткиликтүү.

VoLTE түйүнүнүн иш-аракет аймагы

VoLTE кызматы LTE аракетте болгон аймакта жеткиликтүү болот